Ашхабад аскердик комиссариатынын кызматкерлери ата-энелерден чет өлкөдө окуган балдарын жоокердик милдетин өтөө үчүн өлкөгө кайтарууну талап кылышууда.
«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, март айында шаардык аскер комиссариатынын кызматкерлери чет өлкөдө окуган студенттердин ата-энелерине чалып, балдарын токтоосуз түрдө Түркмөнстанга кайтарууну талап кылышты.
Түркмөнстанда аскерге кабыл алуу жылына эки жолу — май жана ноябрь айларында болот. Жоокердик милдетин өтөө мөөнөтү — эки жыл.
Жогорку окуу жайларында, анын ичинде чет өлкөдө окугандар аскерге чакыруудан убактылуу бошотулган жарандардын катарына киришет.