04:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

РФ Куляб жана Муминабаддагы аскердик базасынын мүлктөрүн тажик армиясына берет

Куляб шаарындагы 201-орус аскер базасынын мүлкү расмий түрдө Тажикстан өкмөтүнө өткөрүлүп берилет. Орусия аталган шаардан өзүнүн аскер бөлүгүн алты жыл мурун алып чыгып кеткен, бирок жабдууларды тажик тарапка өткөрүп берүү маселеси карала элек болчу.

Базадагы кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүү боюнча эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосундагы протоколду 15-декабрда Тажикстан парламентинин депутаттары ратификациялады.

Тажикстан коргоо министринин орун басары Эмомали Собирзоданын айтымында, кыймылсыз мүлккө үч офицердик жатакана, аскердик парктар, медициналык жана тамактануу пунту, от казан, күзөт жайы, кампалар, байланыш имараты, бала бакча, ачык бассейин жана башка бир катар объектилер кирет.

Ал Муминабад районундагы аскердик шаарчаны жана полигонду өткөрүп берүү иштери да пландалып жатканын айтты.

Орусия 2015-жылы Кулябдагы аскердик бөлүгүн Рудаки районундагы Ляур аскер полигонуна чыгарып кеткен.

201-аскердик база Орусиянын чет өлкөдөгү ири аскердик объектилеринин бири болуп эсептелет. Соңку келишим боюнча база Тажикстанда 2042-жылга чейин болот.

Эң көп окулган жаңылыктар