19:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мунапыска туш келген кыргызстандык жарандардын тизмеси жарыяланды

Мунапыска туш келген кыргызстандык жарандардын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти. Эске салсак, жакында Орусия Кыргызстандын жарандарына карата «миграциялык мунапыс» жарыялаган.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейин Орусиянын аймагында болуу мөөнөтүн бузуу менен жүргөн кыргыз жарандарына, РФ аймагынан чыкпастан, административдик жоопкерчиликке тартылбастан, анын ичинде «кара тизмеге» киргизилбестен өз статусун мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү берилди. 

Ал үчүн, белгиленген убакыттын ичинде Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын бардык райондук бөлүмдөрүнө документ менен (ID-карт же жалпы жарандык паспорту менен) кайрылса, ал жерлерде жаңы миграциялык карточка берилет. Андан кийин, Россиянын мыйзамдарында белгиленген тартипте 30 күндүн ичинде миграциялык каттоого туруш керек.

Россиянын миграция мыйзамдарын бузуу менен, РФ аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына http://ssm.gov.kg/миграционная-амнистия-для-граждан-к/ шилтемеси боюнча же Миграция кызматынан расмий сайтынын «Миграционная амнистия-2019» бөлүмүнө кирип өздөрүн тизмеден текшерүү мүмкүнчүлүк берилет.

Ошону менен бирге, «Россия Федерациясынын аймагынан чыгуу жана кирүү тартиби жөнүндө» № 114 Федералдык мыйзамдын 26-беренесинин 4 жана 8-пунктуларына ылайык, РФ аймагына кирүүгө тыюу салынган жарандар КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын расмий сайтындагы төмөнкү шилтеме боюнча өздөрүн текшерип алганга мүмкүнчүлүктөрү бар: http://ssm.gov.kg/миграционная-амнистия-для-граждан-кы/.

Бул категориядагы жарандарга РФ аймагына 2019-жылдын 1-майынан тартып кирүү сунушталат.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот:

Бишкек шаарындагы Маалыматтык-консультациялык борбор:

+996 (312) 64 17 64
+996 (312) 65 02 57

Эң көп окулган жаңылыктар