Кыргызстанда Орусиянын ЖОЖдорунун «Бишкек-2019» аттуу көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы байланыш өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө 4-апрелден 6-апрелге чейин балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык китепканасында өтөт. Ага Санкт-Петербург, Тюмень, Новосибирск, Хабаровск, Курск, Красноярск жана башка шаарлардын ЖОЖдору катышат.
Бишкекте өткөн көргөзмөнүн алкагында, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын шаарларында абитуриенттер үчүн жогорку билим алуу боюнча кеңештер берилип, жолугушуулар өткөрүлөт. Көчмө иш-чара 2-апрелде Ысык-Көлдө, 4-5-апрель күндөрү Чүй облусунда уюштурулат.