Эртең Ош шаарында саат 9:00дөн 17:00гө чейин айрым көчөлөрдө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ондоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
Ашхабад, Макаренко, Крупская, Зайнабетдинова, Масалиев, Өзгөн, Мамытов, Некрасов көчөлөрүндө, № 12 кесиптик лицейинде жана борбордук базарда.