16:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Путиндин сапары. Президенттер «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болду.

Мамлекеттик резиденциядагы расмий жолугушууда эки өлкөнүн гимндери жаңырды, мамлекеттик желектер илинди. 

Мамлекеттер башчылары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын Ардактуу кароолу менен учурашышты, расмий делегациялардын мүчөлөрү менен танышышты. Расмий азем Кыргызстан аскерлеринин салтанаттуу өтүүсү менен аяктады.

Андан соң эки мамлекеттердин башчылары чакан чөйрөдөгү жолугушуу өтүүчү бөлмөгө бет алышты.

Эске салсак, Владимир Путин бүгүн таң эртең менен Бишкекке келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Владимир Путинди Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Эң көп окулган жаңылыктар