20:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстанда аскердик тик учак кыйрап, экипаж мүчөлөрү каза болду

Казакстандын Кызылордо облусунда Коргоо министрлигинин аскердик тик учагы кыйрады. Министрлик курмандыктар бар экенин, жабыр тарткандардын абалы такталып жатканын билдирди.

Тик учак Актаудан Шымкентке баратканда кырсыкка кабылган. Анын бортунда он үч киши болгон.

Казакстан Коргоо министрлиги учуу «Алтын жебе» атайын бөлүгүнүн машыгууларынын алкагында, караңгыда жана татаал метеорологиялык шартта жүргөнүн белгиледи. Учурда атайын комиссия түзүлүп, кырсык болгон жерге жөнөп кетишти.

Өлкөнүн убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына кырсыкта экипаж мүчөлөрү каза болгонун билдирип, маркумдардын жакындарына көңүл айтты жана материалдык жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар