07:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков: Орус тили Кыргызстанда расмий макамын сактап калат

Орус тили Кыргыз Республикасында расмий макамында болгон жана ушул бойдон калат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» биринчи форумунда билдирди.

«Билим берүү ар кыл маданияттарга жана тилдерге урматтоого тарбиялай турганын биз баарыбыз жакшы түшүнөбүз», -деди өлкө башчы.

Ал биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү механизмдерин аныктоо зарыл экенин баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар