12:09
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кыргыз-орус мамилелери. Бишкекте Владимир Путиндин келишине даярдыктар башталды

28-мартта Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга иш-сапары менен келиши күтүлүүдө. Орусиянын президентин тосуп алууга Бишкекте даярдыктар жүрүүдө. 

Аскердик урмат көрсөтүү үчүн атайын дайындалган аскердик бөлүкчөлөр, тактап айтканда Ардактуу кароол президентти тосуп алуу үчүн атайын даярдыктан өттү. 

 

Жолугушууда эки өлкөнүн башчылары саясий-экономикалык байланышты бекемдеп, бир катар документтерге кол коюшу күтүлүүдө. Анын бири  Орусия жана Кыргызстан ортосунда аскердик байланыш чөйрөсүндө орусиялык аскер базасынын статусун өзгөртүүгө тиешелүү протокол дайындалып жатат. 

Эң көп окулган жаңылыктар