Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
Саат 13:00дөн 17:00гө чейин Тоголок молдо, Васильев, Фрунзе, Шопоков, Чүй көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Жакыпов, Горький, Карасаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Байтик баатыр, Медеров көчөлөрүндө;
Саат 9:30дан 14:00гө чейин Огонбаев, Гоголь көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Токтогул көчөсүнүн 37-үйүндө;
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Жал кичи районунда;
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Арча-Бешик конушу, Чоң-Арык айылында.