02:56
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өкмөт чек арадагы жаңжал чыккан айылдарга мектеп жана футбол аянтчасын курат

Өкмөттүн Баткен облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаев жана ички иштер министри Курсан Асановдор Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Үч-Дөбө, Таш-Тумшук, Масеиттин жери айылдарынын эли менен жолугушту. Бул тууралуу облустан билдиришти.

Үч-Дөбө айылынын эли жолугушууда чек араны тактоо жумуштарын тездетүү менен тынымсыз катталып жаткан чыр чатактарга бөгөт коюу зарылчылыгын белгилешти. Ар дайым кооптонуу менен жашап жаткандыктарын айтып, элдин жашоо шартын жакшыртууда айылдагы социалдык маселелерди чечүүгө да көңүл бурууну суранышты. Аталган айылга жаңы орто мектеп куруу, спорт зал куруу, бала бакча, ФАП куруу зарылчылыгын билдиришти.
Ал эми Таш-Тумшук чакан айылы менен Масеиттин жери участкасынын тургундары коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү күчөтүүнү, ФАП куруу муктаждыгын жана электр энергиясы менен жетиштүү камсыздоо зарылчылыгы бар дешти. Ошондой эле турак жай салуу үчүн райондун башка аймактарынан жер участогун бөлүп берүү, чек ара айылынын жашоочулары катары мамлекеттик төлөмдөргө жеңилдиктерди киргизүү, үлүш жерлердин категориясын өзгөртүп берүү сунуштарын ишке ашырууну суранышты.
Курсан Асанов өз сөзүндө Таш-Тумшук айылындагы милиция пунктунун өздүк курамы күчөтүлөөрүн жана чек арадагы элдин коопсуздугу үчүн зарыл болгон маселелер тоскоолдуксуз чечилээрин айтты.
Ал эми Абиш Халмурзаев республикалык бюджет эсебинен Үч-Дөбө айылына жаңы типтүү орто мектеп курулаарын, Ак-Сай айылына футбол аянтын куруу аракеттери көрүлүп жатканын билдирип, айтылган ар бир маселе каралаарын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар