15:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызча аудиокитептерди жаздыруу үчүн КТРКга 10 миллион сом акча каражаты керек

ЭлТр телеканалы көркөм фильмдерди, мультфильмдерди кыргыз тилине которуу, видеосабактарды өтүү үчүн 15 миллион сом бөлдүрүп берүүнү сурады. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйынында маалым болду.

Маалыматка ылайык, Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынан бөлүнгөн каражаттан 20 миллион сом үнөмдөлгөн. Мына ушул каражаттан ЭлТр телеканалы каражат бөлүүнү сурады. Техникалык жабдууларын жаңыртуу менен, заман шартына ылайык аудиокитептерди жаздыруу үчүн КТРКга да 10 миллион сом акча каражаты керек болуп жатканы белгилүү болду.

Билим берүү министрлигине бөлүнгөн каражаттан 6 миллион 200 миң сом белгиленген иш-чаралардын аткарылбагынан улам калып калган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби