04:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Шаиста Шатманова: «Супер инфо» гезитин жалган айып боюнча жабууну көздөп жатышат

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы «Супер инфо» гезитин жалган айып боюнча жабууну көздөп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйынында гезиттин директору Шаиста Шатманова билдирди.

Анын айтымында, Т. Насыкулов аттуу жаран аталган мамлекеттик кызматка кайрылып, «Шамбала» жана «Пирамида плюс» гезиттеринин көрсөтүлгөн тиражы шек жаратканын айткан.

«Арызда «Супер инфо» тууралуу эч бир сөз жазылган эмес. Бирок, ошого карабастан аталган кызмат тынымсыз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн шылтоо тапты. Ошондой эле, сотко чейинки териштирүүлөрдү жүргүзүп баштады. Каржы полициясы биздин ишмердүүлүктү токтотуу каралган берене боюнча айыптап жатат. Тактап айтканда, биздин гезитти жабууну көздөшүүдө», -деди Шаиста Шатманова.

Редактор кошумчалагандай, редакция эч качан тиражынын көлөмүн жашырган эмес.

«Биз ар дайым биздин басылмаларды ачык жарыялап келгенбиз. Ал 120 миңге чейин жеткен. Ошондой эле, мамлекеттик органдардын текшерүүсүнө эч качан каршы болгон эмеспиз», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар