15:39
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Супер-Инфо» гезити сатылган жок. Кылычбек Султан билдирүү таратты

«Супер-Инфо» гезити сатылган жок. Бул тууралуу гезиттин негиздөөчүсү, Кыргызстандын Малайзиядагы жана Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан билдирүү таратты.

Айтымында, гезитке байланыштуу акыркы маалыматтар баары калп.

«Соңку күндөрү ар кандай кызыкдар тараптар «Супер-Инфого» байланыштуу ушактарды таркатуу менен алектенүүдө. Ал ушактар кээ бир саясатчылардын жана ЖМКлардын жеке кызыкчылыктарынан улам таркатылып жатканы мага даана билинип турат. Ушак таркатууга негизги аргумент катары «Супер-Инфо» гезитинин кеңсесинин жаңы дарекке көчкөнү колдонулууда. Редакция өзүнүн 17 жылдык тарыхында онго чукул кеңсе алмаштырган жана бул мекеменин өсүү процессиндеги кадимки эле көрүнүш. Так кесе айтсам, гезит сатылган жок», — дейт Кылычбек Султан.

Ал гезит менен Райым Матраимовдун байланышын дагы төгүндөйт. Кылычбек Султан «Эльдорада» соода борбору досуна тийиштүү экенин белгилейт.

««Эльдорадо» бизнес-борборунун жетекчиси Канат Маматов экөөбүз бир айылдан, бир көчөдөн болобуз. 2008-жылдарга чейин экөөбүз бири-бирибизди жөн гана айылдаш, теңтуш катары билчүбүз. 2009-жылдан бери доспуз. Мен жакында чет өлкөдөн үй-бүлөмдү көчүрүп келдим. Үйүбүздү супер. кейжиге бергендиктен батирде жашап турдук. Редакцияга имарат издеп, досума кайрылдым», — дейт ал.

Ошол эле учурда Канат Маматов Алмазбек Атамбаевдин штабында иштегенин белгилейт.

Кылычбек Султан «Супер инфо» гезити жаматтын жетекчилигине катталганын айтат.



Эң көп окулган жаңылыктар