19:40
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Супер Инфо» басылмасынын кожоюну алмашат

«Супер Инфо» басылмасынын кожоюну алмашат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан билдирди.

Айтымында, Адилет министрлигине кайра каттоо тууралуу арыз келип түштү.

Мындан тышкары гезиттин башкы редактору алмашты. Динара Абдыкадырованын ордуна Автандил Добулбеков келди. Ал эми Шаиста Шатманова мурдагыдай эле гезиттин директорлугун аркалайт.

Кылычбек Султандын айтымында, учурда гезиттин негиздөөчүлөрү болуп анын жубайы Мээрим Султан жана уулу эсептелет.

«Юридикалык жактан гезитке менин тиешем жок. Бирок, көптөн бери өнөктөш табуу ниетим бар болчу. Акыркы убакта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын текшерүүлөрү, соттук териштирүүлөр болду. Мамлекеттик машина мен ТИМдеги сырды айткандан кийин мага каршы болуп калышты. Басым менин үй-бүлөмө да тийди. Жакындарымды кошо тарта бербей, гезитти башкага каттатууну чечтим», — деди ал.

Ал жаңы кожоюндун ысымын атаган жок. Болгону алыскы тууганым деп тим болду. Ошондой эле ал алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар