20:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Баткенде кырдаал туруктуу. Эл сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүүдө

Баткендин Ак-Сай аймагында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Тилляев билдирди.

Анын айтымында, кыргы-тажик чек арасында элдер турат. Бирок, баары тынчтыкты сактап, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүүдө.

«Жол жабык, ахыбал тынч», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Ак-Сай, Көк-Таш айылын жашоочулары жана Тажикстандын Ворух аймагынын тургундары менен чыр чыккан. Эки тараптын чек арачылары элди басуу үчүн асманга ок чыгарышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 2 киши каза болуп, Кыргызстандан бирөө жаракат алган. 14 март күнү түштө кырдаал курчуп, Баткендин ички иштер кызматкерине ок тийген.

Эң көп окулган жаңылыктар