08:48
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

ИИМ: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ Ак-Сай айылына ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев барган. Ал жеке курам менен кезигип чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Баткен облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Буга чейин эки өлкөнүн башчылары жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, абалды талкуулашкан.

Эске салсак, кечээ Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда кыргызстандык жаран жаракат алганы маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар