17:12
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон кыргызстандык жарандын абалы оор

Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон кыргызстандык жарандын абалы оор. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучуну операция кылышты, учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«Жабырлануучунун абалы оор, анын төш клеткалары жабыркаган. Ал жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат, ал эсине келди», -деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, 13-мартта эки мамлекеттин чек арасында чыккан.

Жаңжал Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга чейин Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушун токтотууну талап кылгандан кийин башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар