13:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте жол оңдоо иштерине даярдык башталды

Бишкекте Кытай тарабынан бөлүнгөн гранттын алкагында «Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү» долбоору боюнча шаардын алты көчөсү оңдолот. Алар: Абай, Нуркамал, Алтымышев, Репин, Токтогул и Жайыл Баатыр көчөлөрү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, оңдоо иштери ушул айда башталат. Учурда жолдордун жабылуу схемалары каралууда. Жолдор кезек менен жабылып, кээ бирлеринде теплотрассалар да оңдолот. «Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында 23 жол оңдолот, анын жалпы узундугу 38 чакырымды түзөт.

Эске салсак, 2018-жылы жалпы 17 жолду оңдоо иштери жүргүзүлгөн, алардын ичинде Манас, Айтматов, Чүй жана Жибек Жолу проспектилери, Эркиндик бульвары, 7-апрель, Айни, Терметчиков, Садырбаев (Баха), Үсөнбаев, Үмеөталиев жана башка көчөлөр.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби