22:26
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү. Долбоордун экинчи фазасы 2020-жылы башталат

«Бишкектин көчө-жолдору тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасы боюнча жолдорду оңдоо иштери 2020-жылы башталат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкектин вице-мэри Уланбек Азыгалиев билдирди.

Ал ишке ашыруу боюнча протоколго ушул жылдын 13-июнунда кол коюлганын эскертти.

«Экинчи фазага 278 миллион юань (болжол менен 2 миллиард 780 миллион сом) бөлүндү. Кытай тарап аталган сумманы сунушталган 60 көчө боюнча оптимизациялоону суранды. Бүгүнкү күндүн баасы менен ал кымбатыраак чыкты. Долбоордон жарыктандыруу, жашылдандыруу сыяктуу айрым иштер алынып салынды. Алар жол иштерине эч кандай таасир этпейт. Биз жаңы эсептерди кытай тарапка бердик, алар карап чыгып бекитип берсе тендер жарыялайбыз», -деди ал.

Уланбек Азыгалиев билдиргендей, фаза 2 жылга эсептелген. «Долбоорго 2019-жылы кол коюлса, демек иштер 2021-жылы аякташы керек», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар