09:12
USD 86.80
EUR 91.71
RUB 0.87

Өкмөт: Көк-Таш -Аксай жолунун 6,8 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы иш сапарында Аксай-Тамдык жана Аксай-Рават жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Көк-Таш-Аксай-Тамдык жолунун узундугу 24,5 чакырымды, ал эми сметалык баасы 606 миллион сомду түзөт.

Көк-Таш -Аксай жолунун узундугу 6,8 чакырым келген тилкесине асфальт төшөөгө 50 миллион сом каралган. Бул каттамдын жогоруда айтылган 6,8 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү.

Курулуш иши 2014-жылы башталган Ак-Сай — Рават автомобиль жолунун узундугу 25 чакырымды түзөт. Долбоордун сметалык баасы — 584,5 миллион сом. Жолго шагыл төшөөгө жалданма компания 20 миллион сом которгон.

Каттамдын узундугу 6 чакырым келген тилкеси кеңейтилди. Учурда жолдо курулуш иштери уланууда. Ушул жылдын ноябрь айынын соңуна чейин каттамды салуу иштери бүткөрүлүп, андан кийин ушул жолдон чоң жүк ташуучу транспорт каражаттарынын каттоосуна уруксат берилери күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар