Быйыл Меккеге жөнөгөн зыяратчылар 3 миң доллар төлөшөт. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы билдирет.
Алардын маалыматында, Сауд Арабия айрым кызматтардын акысын көтөргөнүнө байланыштуу ажылык төлөмгө 100 доллар кошулду. «Сауд Арабия зыяратчыларга көрсөтүлгөн шарттарды жакшыртып жатат. Ага байланыштуу акылары кымбаттады», — дейт муфтият.
Былтыры ажылык — 2 миң 890 долларды түзгөн. Быйыл Кыргызстанга 5 миң 510 квота бөлүнгөн.