00:16
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргыз-орус мамилеси. Товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткиребиз

Кыргызстан менен Орусиянын мамилелери динамикалуу өнүгүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков элчилер менен болгон жолугушууда айтты.

Ал билдиргендей, мамлекет башчысы катары алгачкыиш сапарын Орусиядан баштаган.

«Аскердик-техникалык байланыш чөйрөсүндө иштер ийгиликтүү алдыга жылып жатат. Мындан ары биз соода-экономикалык байланышты бекемдеп, товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга чейин жеткиребиз», -деди президент.

Эске салсак, 28-мартта Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга иш сапары менен келүүсү күтүлүүдө. «Эки өлкөнүн кызыкчылыгына туура келген бир катар макулдашууларга кол коюлат деген ишенимдемин», -деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар