15:49
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдирди.

Ондоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:

Саат 9:30дан 17:00гө чейин «Кара Жыгач» конушунда;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин «Алтын Ордо» конушунун 2-4- көчөсүндө;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Жукеев-Пудовкин, 71, Жантошев, 116, Фрунзе, К.Акиева, Тимирязев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;

Саат 9:30дан 14:00гө чейин Москва, Шопоков, Ибраимов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;

Саат 13:00дөн 17:00гө чейин Жибек Жолу көчөсүнүн бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар