Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Нуржигит Кадырбеков 1977-жылы 31-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган. Буга чейин ал «Ыйман» фондун жетектеп келген.