07:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Дастан Сарыгулов УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын айтты

Мурунку мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов бүгүн «Саясий репрессиялардын себептери жана сабактары-2016-2017» аталыштагы жарандык форумда камакта жүргөн кезинде кыйноого кабылганын билдирди.

Анын айтымында, камакта 20 күн отурган.

«Мен кары кишимин, ооруларым көп. Бирок, мага дары-дармек беришкен жок. Туугандарым менен көрүшүүгө уруксат дагы берген эмес. Бул кыйноо», -деди ал. Дастан Сарыгулов кошумчалагандай, саясий репрессия дагы деле уланууда, бирок жабык түрдө.

Эске салсак, Дастан Сарыгулов бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталган. Аны 4 жылга соттоо (3 жылы шарттуу түрдө) чечими кабыл алынып, сот залынан эркиндикке чыгарылган. Былтыр февралда Бишкек шаардык соту Дастан Сарыгулов менен эксперт Эрнест Карыбековдон айыпты алып салган.

Эң көп окулган жаңылыктар