Москвада болгон жол кырсыгында 2 кыргызстандык жаран каза тапты. Унааны башкарып бара жаткан дагы бир кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 8-мартта катталган. Айдоочу унааны башкара албай, столбаны сүзгөн. Кырсыкта 28 жаштагы аял жана 30 жаштагы эркек киши каза болгон.
«Кыргызстандык айдоочу камакка алынды. Кылмыш иши козголду», -деп билдиришти элчиликтен.
Бүгүн каза болгон жарандардын сөөгү мекенине жөнөтүлөт.