Сот тутумуна республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнүшү жылдан жылга көбөйүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында айтты.
2018-жылга карата — 1 миллиард 555 миллион 958 миң 200 сом бөлүнгөн, бул 2017-жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга көп.
Ал эми 2019-жылга карата — 2 миллиард 154 миллион 617 миң 100 сом бюджет каралды. 2018-жылга салыштырмалуу бюджеттин өсүшү 38,5 пайызды түзөт.