23:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Нурсултан Назарбаев: Мамлекет калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтөт

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы резиденциясында социалдык саясатты жүзөгө ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Ал казакстандыктардын жашоо шартын жакшыртуу, калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү зарылдыгын айтты.

Казак президентинин билдиришинче, аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөр социалдык жардамдары быйыл 1-апрелден тарта ала башташы керек. Ал аймактарда айлык акыларды көтөрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында системалуу реформаларды жүргүзүү, турак-жайларды курууну тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Президент Астана, Алматы жана Шымкент сыяктуу республикалык маанидеги шаарлардын, облустардын акимдери жашоочулардын актуалдуу маселелерин жеке көзөмөлдөрүнө алышы керек экенин кошумчалады.

Казакстанда көп балалуу энелер февралдан бери баш калаа Астанада жана өлкөнүн бир нече аймактарында нааразылык акцияларын уюштурушкан. Алар жөлөкпулду көбөйтүүнү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну жана башка бир катар көйгөйлөрдү чечип берүүнү талап кылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар