02:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Касым-Жомарт Токаев Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөртүү сунушун киргизди

Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөртүү сунушун киргизди. Бул тууралуу президент инаугурацияда сүйлөп жатып билдирди.

Ал мурунку мамлекет башчысына арналган монумент тургузуу сунушун дагы айтты. Мажилистин депутаттары сунушту колдоп чыгышты.

Бүгүн коңшу казак эли жаңы өлкө башчысынын инаугурациясына күбө болду. Касым-Жомарт Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин Казакстандын президенти болуп калат.

Эске салсак, кечээ 19-мартта 19 жылдык президенттик кызматта отурган Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев өз эрки менен отставкага кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума