21:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстандын борборун Нурсултан деп өзгөртүштү

Казакстандын парламенти Астананы Нурсултан деп өзгөртүү тууралуу мыйзамды жактырышты. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Сенат жана Мажилис жаңы президент Касым-Жомарт Токаевдин сунушун колдошту.

«Сенаттын 43 депутаты макул деген жоопту беришти. Мажилистен 103 депутаттын баардыгы макул болушту», -деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөртүү сунушун киргизген. 

Эң көп окулган жаңылыктар