02:16
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

КТРКнын жетекчилигине ат салышкан Мирлан Самыйкожо өз талапкерлигин алып салды

КТРКнын жетекчилигине ат салышкандардын бири Мирлан Самыйкожо өз талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.

Айтымында, Мирлан Самыйкожо бул кадамын Коомдук телерадиокорпорацияны жетектөөгө тажрыйбасынын жетишсиздиги, өзүнүн жаштыгы менен түшүндүргөн.

Азыркы тапта КТРКнын жетекчилигине жети талапкер ат салышууда.

Бүгүн саат үчтө Байкоочу кеңештин мүчөлөрү талапкерлердин арасынан КТРКнын жетекчисин тандап алат.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби