Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
Саат 8:00дөн 18:00гө чейин Лермонтов, БЧК, Жибек Жолу, Весёлый көчөлөрүндө, Бакай-Ата конушунда;
Саат 9:00дөн 12:00гө чейин Курманжан датка, Жибек Жолу кең көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Кара-Жыгач, Алтын-Ордо конуштарында, Күрөңкеев, Үсөнбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Орто-Сай айылында, Тоголок Молдо, Исанов, Жамбул, Манас көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Дордой, Ак-Босого конуштарында, Дэн Сяопин, Садыгалиев, Абдраев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө.