Бишкек мэриясы 6-кичи райондогу бала бакчанын имаратын өткөрүп берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин имараттын бир бөлүгүн Октябрь райондук социалдык фондунун бөлүмү ижарага алып келген. Имараттын жалпы аянты 1 миң 68 чарчы метр.
Азыр имарат толугу менен бошотулду. Алдыда Октябрь райондук Билим берүү борборунун карамагына өткөрүлмөкчү.