04:56
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Бишкекте телефон уурдаганга шектүү киши кармалды

Бишкектин Свердлов районунда телефон уурдаганга шектүү киши кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, эки ай мурун милицияга Бишкек шаарындагы базарлардын биринен белгисиз бир киши башка жарандын телефонун чалып алууга сурап, ошо бойдон телефонун кайтарбай качып кеткендиги тууралуу арыз түшкөн. Уурдалган телефондун баасы 15 миң сомду түзгөн.

Аталган кылмышка шектүү делип 27 жаштагы жаран кармалды. Ал буга чейин дагы уурулук үчүн соттолгону аныкталды. 

Эң көп окулган жаңылыктар