USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Бишкек мэриясы майрамдык иш-чаралардын чыгымдарын кыскартты

10:26, 05 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Ордо кааланын майрамдык иш-чараларга чыгымы 8 миллион сомго азайды. Бул тууралуу мэриянын жыйынында маалым болду.

Маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаевдин айтымында, 2018-жылы буга 24 миллион сом коротушкан. Ал билдиргендей, башкармалык бул жылы боло турган иш-чаралардын концепциясын иштеп жатат. Быйылкы жылдын бюджетинде 16,5 миллион сом каралды. 

«Шаардык жана республикалык маанидеги иш-чаралар бар, Эл аралык айымдар күнү, Нооруз, Шаар күнү, Жеңиш күнү, Көз карандысыздык күнү жана Жаңы жыл», -деп кошумчалады ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика