20:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мыйзамсыз жол менен алынып келинген 10 тоннадан ашык жүзүм аныкталды

Баткен облустук бажы кызматкерлери тарабынан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен алынып келинген 10 тоннадан ашык жүзүм кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек-Баткен унаа жолунда «DАF» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Аны текшерүүдө желим кутуларга салынган 10 тонна 132 килограмм жүзүм табылды. Ал товардын тийиштүү кагаздары болгон эмес.

Аталган факт каттоого алынып, материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар