18:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ӨКМ: Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү ыктымал

3-марттан 5-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш унаа жолунун 176-185-чакырымдарында (Талдык ашуусу) жана Сары-Таш-Кара-Мык унаа жолунун 98-123-135- чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар