06:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өмүрбек Текебаевдин иши Жогорку сотто кайрадан каралат

Өмүрбек Текебаевдин иши Жогорку сотто кайрадан каралат. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов «Азаттыкка» билдирди.

«Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо чечимин кабыл алды. Сот жараяны 23-апрелге дайындалды. Сот калыс, ачык-айкын, адилет караса, Өмүрбек Текебаев акталат», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

«Ата Мекен» партиясынын абактагы төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо үчүн «Адилет» укук клиникасы 15-февралда Жогорку сотко өтүнүч келтирген.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана парламенттин төрт жолку чакырылышынын депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин 1 миллион доллар пара алган деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар