22:32
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Карыпбеков: Азыркы бийликте КТРК тарыхта биринчи жолу ээн эркин боло алды

«Азыркы бийлик учурунда КТРК тарыхта биринчи жолу мамлекеттик органдардын кысымынан бошоп, ээ эркин боло алды», — деп билдирди КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков.

Ал КТРКнын башчылыгына ат салышуудан баш тартты. Бул тууралуу ал өзүнүн facebook баракчасына жазды.

Илим Карыпбеков телеканалдын жамааты менен коштошуп, президентти телеканалга конокко чакырды.

«КТРКнын кызматкерлеринин көпчүлүгү сиз үчүн добуш беришкен. Аларга сиздин жылуу сөздөрүңүз гана керек. Менин кызмат мөөнөтүм бүткөнчө иштөөгө шарт түзгөндүгүңүз үчүн ракмат. Сиздин бийлигиңиз учурунда КТРК тарыхында биринчи жолу мамлекеттик органдардын кысымына кабылбай, эркин боло алды», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар