12:56
USD 86.50
EUR 90.34
RUB 0.85

Тажикстанда баласынын денесине ийне киргизүүгө айыпталган аял 8 жылга соттолду

Тажикстандын Рудаки райондук соту баласынын денесине 10 ийне киргизген деп айыпталган 27 жаштагы Мухайё Якубованы сегиз жылга эркинен ажыратты. Өкүмгө ылайык, ал жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өткөрөт.

Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин айыпталуучу эркиндикте болот.

Ал ортодо соттолгон аял айыптоолорду четке кагып, буга чейин укук коргоо органдарынын басымы алдында күнөөсүн мойнуна алганын билдирүүдө. Ал өкүм адилетсиз экенин жана жогорку баскычка даттана турганын айтты.

«Мен соттун өкүмүнө макул эмесмин. Баламдын денесинде ал ийнелердин кантип пайда болуп калганын билбейм. Эч бир эне андай кадамга барбаса керек. Алгачкы сурак маалында мени зордуктайбыз жана улуу баламды тартып алабыз деп коркутушкан», — деди Якубова.

​Былтыр июлдун башында Улуттук медициналык борбордун дарыгерлери тогуз айлык наристенин денесинен 10 ийне табылганын билдиришкен. Анда медиктер бала аларды өзү жутуп алмак эместигин айтышкан. Рентген аркылуу текшерүүнүн жыйынтыгында ийнелер наристенин баш сөөгүндө, мурдунун төмөнкү бөлүгүндө, буттарында, моюнунда, төш клеткасында жана башка жерлеринде экени аныкталган. Айрым ийнелер денеге терең кирип кеткендиктен, алгачкы операцияда 6 гана ийнени алып чыгууга мүмкүн болуп, дагы төртөө баланын денесинде калган. Дарыгерлердин айтымдарында, ийнелер наристенин денесинде бери дегенде үч айдан бери жүргөн.

Буга окшогон учур өткөн жылы Өзбекстанда болгон. Анда дарыгерлер 11 айлык наристенин денесинен 16 ийне алып чыгышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар