08:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Ала-Тоо» аянтындагы массалык мушташ. Бирөө каза болуп, бирөө кармалды

Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы массалык мушташка катышкандардын бирөө кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

24-февраль күнү саат 1.57де Биринчи Май райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө «Ала-Тоо» аянтындагы массалык мушташ тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ чыгып кеткен, бирок жерине келгенде эч кимди тапкан эмес. Бир нече убакыттан кийин шаардык ооруканалардын биринен бычак жеген 19 жаштагы эки жигит түштү деген кабар келген. Ал операцияда набыт болду.

Маалыматка караганда, бир нече жигит ижарага алган батирде биринин туулган күнүн майрамдап, отурушка эки кызды чакырышат. Бир аздан соң жигиттер менен кыздардын ортосунда чыр чыгып, конокко келген кыздар телефон аркылуу өз тааныштарын чакырышат.

Жардамга келген балдар менен туулган күн майрамдап жаткан жигиттердин ортосунда мушташ чыгып, экөө бычак жеген. Аталган факты кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин үчүнчү бөлүгү («Ден соолукка оор залака келтирүү») менен кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Милиция бычак урган деп 23 жаштагы Т.А. аттуу адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума