12:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Токтогул районунан 2,5 килограмм салмактагы гашиш менен бир жаран кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунан 2,5 килограмм салмактагы гашиш менен бир жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция Бишкек—Ош унаа жолунда иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын алкагында «Чычкан» стационардык постунан «Тойота» үлгүсүндөгү унааны текшеришкен.

Унааны Жалал-Абад облусунун 40 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан. Текшерүү маалында унаанын ичинен 2 килограмм 460 грамм салмактагы гашиш баңгизаты табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар