09:38
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько «Даңк» медалы менен сыйланды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Россия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутькону өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Андрей Крутького кыргыз-россиялык мамилелердин өнүгүшүнө, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, билим берүү, аскердик-техникалык тармактарда бир катар маанилүү долбоорлорду жылдырууда кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдегенге кыйла салым кошкону үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздин Кыргызстанда иштеген мезгилде кыргыз-россиялык мамилелер кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыкты. Сиз — биздин өлкөнүн жакын досу жана сыйлуу коногусуз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар