21:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде. Аскерде милдет өтөгөн белгилүүлөр

23-февраль мурда Советтик Армиянын жана Аскер деңиз флотунун күнү катары белгиленчү. 1918-жылы 23-февралда жаш советтик түзүлүштү германдык баскынчылардан коргоо үчүн ыктыярдуу адамдар Кызыл Армиянын катарына жазылып Мекенди коргоого аттанган. Ошол күндөн баштап СССР тараганга чейин ар жыл сайын 23-февраль салтанаттуу майрамдалып турган. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Кыргызстанда 2003-жылдан тарта бул күн календарда кызыл дата болуп белгиленип келет.

Маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 16 миң 550 аскер бар. Жыл сайын 111 миң адам аскердик милдет өтөөгө чакырылат. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

24.kg агенттиги аскердик милдет өтөгөн атактууларды тизмектеди.

«Кыш болбойт» деп айткан кеби менен калың журтка гана эмес, коңшу мамлекеттерде белгилүү болгон, президенттикке талапкерлигин койгон саясатчы Арстанбек Абдылдаев 1986-1988-жылдары Совет армиясында аскердик милдетин өтөгөн.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 1981-1983-жылдары, Өмүрбек Бабанов дагы 1988-89-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөшкөн.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов 1988-90-жылдары Алыскы Чыгыш өлкөсүндө Приморский крайда аскерде болгон.

Эмгек сиңирген ырчы Бек Борбиев 1987-1989-жылдары Чехословакия, Украинада аскердик милдетин өтөгөнүн айтат. Ал аскердеги кызыктуу окуяларды мындайча эскерет.

«Сержанттык мектепте алгач 6 ай болдук. Ошол жерде көп кызыктар болду. Такыр орусча билбеген Нафасов деген өзбек улутундагы бала бар эле. Взводдо көбу орус, украин болгондуктан, аны мазактай беришчү. Өзү дагы Кокондон болгондуктан, күнгө капкара болуп күйгөн афроөзбек болчу. Көп кордук көрүп жүрдү, бир күнү перекурда олтуруп суйлөшсөм, абдан жакшы, ичи таза бала экен. Колунда жок үй-бүлөөдө чоңоюп , жакшы дагы билим албаптыр. Боорум ооруп, кийин аны бирөө шакаба чегип атса, болушуп урушуп, мушташып да кетчү болдум. Бара бара ага эч ким тийишпей калды. Бул окуяларды офицерлер дагы байкабай койбойт эмеспи. Командир Неделько деген капитан абдан тамашакөй киши болчу, маанаайы дурус кезде кээде ротаны тизип, Нафасовду чыгарып алып, командаларды берет эле. Ал команданы дагы түшүнчү эмес, мен которуп берчүмүн. Жанымда болсо шыбырап айтып койчумун, ары жакта турганда айта албай калам. Аны капитан билет, ага команда берээри менен мени карайт, «Неделько смирно!» дейт. Түптүз кайкайып туруп, көзүнүн кыйыгы менен мени карап, эмне деп жатат деп кылгырып сурайт эле. Ошол көрүнүшкө Неделько, жада калса стройдо турган биз, 100 бала бык-бык күлүп бир жазылып алат элек. Айтор жарым жылдык сержанттык мектепти Нафасов бүтпөй калды, эки айдай жүргөн соң которуп жиберишти войскага. Нафасовдун көзүнүн кыйыгы менен түз туруп алып мени караган элесин кээде эстеп, азыр дагы бир жылмайып алам», -деди ырчы.

Эмгек сиңирген ырчы Айбек Карымов 1987-89-жылдары Чехословакияда милдетин өтөгөн.

«Мен армияга комузумду алып барганмын, ар кандай иш-чараларда ырдап эле жүрчүмүн. Кызыктуу окуялар эсте деле жок», -дейт ал.

«Кайгы муңдун рыцары» аталган ырчы Асылбек Өзүбеков Ысык-Көлдөгү Аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

«Жашыруун бөлүктүн биринде милдет өтөдүм. Ал жакта Союз маалында торпеда чыгарышчу. Жашыруун сыноолоруна катышчубуз. Торпеданы минип алып параметрлерин, ылдамдыгын текшерчүбүз. Суунун тереңине кирип чыкканынан бери карачубуз. Жыл мезгилине, ысык суукка, жаан карга карабай сыноо жасачубуз», -дейт ырчы.

Айтымында сууда жакшы сүзөт. Мындан улам аскерде жүргөндө кыйынчылыктар деле болгон эмес.

Белгилүү алып баруучу Турусбек Жумалиев 1985-1987-жылдары Алматы шаарында аскердик милдет өтөгөн. Ал «А-Студио» тобунун ырчысы Батырхан Шукенов менен аскерде бирге болгонун жана убагында жакын досу экенин айткан жайы бар.

Кыргыздардын түшүн жооруган ырчы Юрий Бобков 1974-1976-жылдары Москвада аскердик милдет өтөгөн. Куудулдар Абдылда Иманкулов Орусиянын Свердловс шаарында танк полкунда, Кубик Калыков 1987-жылы Москада, Жабыл Камчиев 1972-1974-жылдары Белорусияда милдетин өтөп келишкен.

Ырчы Кутман Жолдошев Германиядан өтөгөн.

Ырчы Замир Арыкбаев университеттин 2 жылдык аскер кафедрасында билим алып запастагы лейтенант наамын алып чыккан.

Бишкектеги Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Мавлян Аскарбеков аскердик билетин жогорку окуу жайдан окуп алганын айтат. Депутат Экмат Байпакпаев дагы окуу жайдан өтөгөн.

КТРКнын башкы директорлук кызматына талапкерлердин бири, жарандык активист Адил Турдукулов аскердик милдетин өтөгөн эмес. «Университетте аскердик окуу бар болчу. Жумасына 1 күн барып турчубуз, ал жакта 2 жылдык окуудан өттүк. Кызыктуу болгон эмес, анткени ал жакта баары тең коррупцияланган болчу», -дейт ал.

Ырчылардан Съездбек Искеналиев аскердик милдетин окууга байланыштуу өтөгөн эмес, кийин университеттен алган. «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков альтернативдик кызмат өтөгөн. Коомдук ишмер Эдил Байсалов аскердик милдет өтөгөн эмес.

Аскердик милдет өтөбөгөндөрдүн катарында ырчылар Урмат Усенов, Мирбек Атабеков, Мирбек Иманбеков, Акбар Сүйүнбаев бар.

Эң көп окулган жаңылыктар