Жыл жаңырганда белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова менен жолдошу Максат Надырбековдун үйүндө наристе үнү жаңырды. Жубайлар кыздуу болушту.
Нурзат Токтосунова ай-күнүнө жетпей төрөгөнүн анын күйөөсү Максат Надырбеков инстаграм баракчасында сүйүнчүлөгөн. Алып баруучу Алма-Ата шаарында көз жарган.
«Кыздуу болдум, батаңарды берип койгулачы», — деп жазган Максат Надырбеков.
Нурзат Токтосунова менен Максат Надырбеков 2015-жылы баш кошушкан. «Аллага миң мертебе шүгүр, кызыбыз өмүрлүү, бактылуу болсун, чоң атасы Акбермет деген ысым ыйгарды, берметтей аруу болсун! Түбөлүгү түз, дөөлөтүү, май көтөн болуп артынан көп ини-сиңди алып келген кыз болсун! Кудайым берсе удаа удаа төрөп, үйдөн чыкпай калайын, көптөн күткөн ырысыбыз жатат жанымда кыбырап. Ар бир аялга бакыт каалайм», -деп жазган алып баруучу.
Буга улай эле ырчы Омар дагы кырк жылкылуу болду. Жубайы Диана 13-февралда көз жарган.
«Өзгөчө сүйүктүү жарыма ыраазымын. Ыймандуу болуп чоңой кызым», — деп жазган ырчы.
Маалыматтарга караганда, наристенин салмагы
«90-60-
«Азырынча кызыбызга ысым ыйгара элекпиз», — дейт ырчы.
Ушул жылы наристе күтүп жаткандардын катарында рэп ырчысы Баястан менен жубайы бийчи Зулфия, ырчы түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова дагы бар.
Мындан тышкары ырчылар Айпери Кубик кызы, Бактыгүл Бадыева дагы бала күтүп жатышат.
Эмгек сиңирген артист Кайрат Пиримбердиевдин жубайы Эльвира Пиримбердиева дагы кош бойлуу деген маалымат бар.