05:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Токмокто эл жана турак жай фондун сынамык каттоо жүргүзүлөт

Эл жана турак жай фондун сынамык каттоо Чүй районунун жана Токмок шаарынын аймагында 2019-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өтөт. Бул тууралуу биринчи вице премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиянын жыйынында билдирди.

«2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо бул жөн эле статистика эмес, бул өтө маанилүү мамлекеттик деңгээлиндеги чоң иш-чара. Каттоону ийгиликтүү өткөрүү максатында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу Календарлык планы иштелип чыккан. Ага 35 иш-чара киргизилип, алардын ичинен 10у аткарылган», — деди Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, республика боюнча аталышы жок көчөлөр — 5,3%, алардын көп бөлүгү Бишкек шаарында — 11,7%, Ош облусунда — 9,0, Талас жана Баткен облустарында — 6,7%. Аталышы бар, бирок тактачалары илинбеген көчөлөрдүн үлүшү 32,7%, ал эми катар саны коюлбаган үйлөр 34,0% түзөт.

Белгилей кетсек, Календарлык планды аткаруунун алкагында калктуу жерлердин жана көчөлөрдүн аталыштарын кайра атоого 2017-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин мораторий жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума