06:55
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстандыктардын 43 пайызы жумушсуздукту олуттуу көйгөй деп эсептешет

Кыргызстандын жарандарынын 43 пайызы жумушсуздукту өлкө үчүн олуттуу көйгөй деп эсептешет. Мындай жыйынтык Эл аралык республикалык институт тарабынан жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоодон улам келип чыкты.

28 пайыз эл негизги көйгөй деп жемкорлукту эсептешет. Дагы 14 пайызы олуттуу көйгөй деп экономикалык көйгөйлөрдү, каржы каатчылыгын эсептейт.

Дагы 2 пайызы саясий туруксуздукту көйгөй деп аташты. Дагы башка меселелердин катарында жолдун начардыгы, миграция, пенсиянын аздыгы, сырткы карыз, билим берүү жана саламаттык сактоо системасы, фабриканын жоктугу айтылды.

Сурамжылоого 18 жаштан жогору 1 миң 500 киши катышкан.