20-22-февраль күндөрү аба ырайы туруксуз болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын мол жаайт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында 21-22 февралда кар жаайт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Тоолуу райондорго күрткү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
21-22-февралдарда абанын температурасы төмөндөп, өрөөндөрдө −5...-10°, тоолуу аймактарда −30...-35° градуска чейин суук болот.
Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин оорлотуп, кыштоолордо мал багууну кыйындатат.
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная Горка — Ак-Таш, Ош — Сары-Таш — Эркечтам, Сары-Таш — Кара-Мык, Казарман — Актал-Чат, Каракол — Эңилчек автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.