КТРКнын байкоочу кеңешине башкы директорлук орунга жарыяланган сынакка тогузу арыз келип түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.
Бүгүн арыз берүүнүн акыркы күнү. Кечки саат 17.00дө комиссия мүчөлөрү талапкерлерин атын жарыялайт.
Сынак төрт этаптан турат. Алгач талапкерлердин арызы каралып, андан кийин документтери текшерилет. Жеке баарлашуу жана талапкерлердин программасы каралат.
Ат салышкандардын арасында жарандык активист Адил Турдукулов, Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу бар экени белгилүү. Экинчи мөөнөткө барарын жарыялаган Илим Карыпбеков азырынча арыз бере элек.

